Екатеринбургда кыргыз жараны күйөөсүнүн көңүлдөшү кетип бараткан поезддин ичинде бомба бар деп жалган маалымат тараткандыгы үчүн 80 миң рубль айыпка жыгылды

Екатеринбург шаарынын тургуну Дилорам Абаева "теракт даярдалып жатат" деген жалган маалыматты Орусиянын күч органдарына бергендиги үчүн айыпталып, 80 миң рубль айыпка жыгылды. Бул тууралуу 18-февралда "Иннов.ру" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы кыргыз жараны күч органдарына "Новосибирск - Адлер каттамына чыкканы жаткан поезддин ичинде жарылуучу зат бар" деп билдирген.

Кыргыз жаранынын мындай маалыматты бергенине үй-бүлөсүн сактап калуу аракети себеп болгон. Анын айтымында, күйөөсүнүн көңүлдөшү ошол каттам менен Ростов-на-Дону шаарына иш сапарга кеткен күйөөсүнүн артынан бараткан. Ал муну менен поездди кармап калууну чечкен. Соттук процесс учурунда аял Екатеринбург шаарынын тургундарынан кечирим сураган. Ал эми баласынын мындай жолго барганын ата-энеси туура көрбөй, келинин жактап беришкен. Сот Д.Абаеваны 2015-жылдын 18-ноябрынан 2016-жылдын 16-февралына чейин камакта отурганын эске алып, жалган маалыматты бергендиги үчүн 80 миң рубль айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Айыпталуучуну сот отурум залынан бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
besh-sary
2016-02-18 10:46:15
Атын чыкпаса жер ото деген болуптурда.
+1
Rifle_2
2016-02-18 13:45:07
Бул андай эмес . Үйбүлөнүн бүтүндүгү үчүн, өз бактысын коргоп калуу үчүн болгон аракет .
+6
zhykyo
2016-02-18 11:23:36
Суйуунун керемети деп сал да
+7
Mahabbat
2016-02-18 11:25:18
Ушу "Конулдош" дегенди уксам эле журогум ооруп чыгат. Тынч, таза эле жашай беришсе болбойбу? Конулдош, ойнош кылбай эле.
+10
kobra86
2016-02-18 11:35:53
Байкуш келин тушунуп турам уй булоо бузулбасын. Ушу Россияда жургондор кобу эле бузулуп атышат жаратканым ар бир пендесине ынсап берсин!
+23
Medina87
2016-02-18 11:57:55
Штраф толосо да уй-булосун сактап калган келинди айт. Ал эми уй-булолуу эркектин конулдошу эсине келген чыгаар ызы-чуу озу учун болгонун билгенден кийин. Негизи конулдору бузулган ойноштор онбосун!!
+8
Kuba-savai87
2016-02-18 12:12:13
Азамат келин экен уй булоосун сакташ учун ушундай кадамга барган. Куйоосундо куноонун баары конулдошун чакырган да ошонусу бараткан. Эми уялып токтотушса экен аялы эрдик жасаптыр эми 80мин рубльдан албетте уй булоо кымбат.
+8
Inna_91
2016-02-18 12:31:03
Бул жагы зериккенби деймда
-7
baba.
2016-02-18 17:08:05
Акыркы ойлоп тапкан айласы болсо керек бечаранын....
+3
mira28
2016-02-18 17:10:14
Супер инфо сураныч Екатеринбургда жоголгон 11жаштагы Канатбек Кызы боюнча маалымат берип коюнуздарчы.Издоо журуп жатабы тууган уругу ата энеси кандайча тынч жатышат 2айга карап калды жоголгонуна.Алдын ала рахмат.
+5
ulya.mamatova
2016-02-18 18:41:01
З айдан бери камакта отурса куйоосу андан бетер жыргаптыр да конулдошу менен.
+1
KyrgyzKagan
2016-02-18 21:50:23
Хе хе бул нерсени женская логика деп коетда. Башка жолун таппаптырбы а? Чындыгында туура эле айткан "Бомба" кетип атат деп, просто полиция туура эмес тушунуп алыптырда. Бомба барып куйосун жардырмак экен. Жакшы аз эле штраф салыптыр. Кетип бараткан поездди токтотуу канча чыгымды талап кылат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан