Ысык-Көлдө "адам өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө "адам өлтүрүүгө аракеттенген" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-февраль күнү Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага октон жаракат алган 1973-жылы туулган А.Акылбек келип түшкөн. Анын айтымында, ал жаракатты аттын үстүнөн кулап кетип алган, бирок дарыгерлер ал жаракат октон улам болгондугун айтышкан.

Бул факт боюнча "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерди кароо учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын огу табылган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун мүчөсү, 43 жаштагы Бостери айылынын тургуну кармалган. Анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү сериялык номуру өчүрүлгөн тапанча да табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан