Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда эки кабаттуу, 20 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган мал сарайдын чатыры, 1 тонна чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.