Баткен облусунда мыйзамсыз түрдө кыргыз жерине 4,5 тонна капустаны алып кирүүгө аракеттенген эки жаран кармалды. Муну бүгүн, 18-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар тиешелүү документтери жок ири өлчөмдөгү капустаны Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаа менен Тажикстандан алып келе жатышкан. Андан сырткары жүктү алып келе жаткандардын биринин өздүгүн тактоочу документи болгон эмес. Бул факт боюнча кармалгандарга айып пул салынып, жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.