Ала-Букада дүкөндүн, кеңсенин кулпуларын бузуп кирип, жалпысынан 700 миң сомго зыян келтирген кылмыш тобу кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдап кеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, кылмыш тобу 5 адамдын менчик дүкөндөрүнүн, кампаларынын жана кеңселеринин кулпуларын бузуп киришип, жалпы 700 миң сомго жакын акча каражатын жана товарларын уурдап кетишкен.

"Кармалган топ 3 уурулук фактысы боюнча айыпталууда. Уурдоо убактылары ар башка, бир күндө эмес, январь, февраль айларында жасалган. Алар төмөнкүлөр:

1) 14-февралдан 15-февралга караган түнү Ала-Бука айылынын Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан “Шахзода” менчик дүкөнүнө 4-5 бала эшигин бузуп кирип, уурулук жасап жатканда ээсин көрүп качып кетишкен.

2) Ала-Бука районунун Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан “Умар” аттуу кампадан 350 миң сомдук ар кандай азык-түлүк уурдалган.

3) Ала-Бука районунун Мамырбеков көчөсүндө жайгашкан кеңсенин үч күндүк соодасынын акчасын, болжол менен 250 миң сомдой акчаны кеңсенин ичинде катылган баштыктан уурдап кетишкен",- дешти милициядан.

Бул кылмыштар боюнча ыкчам кызматкерлер тарабынан беш адамдан турган ири кылмыштуу топ кармалып, Ала-Бука райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар Чаткал районунун Сумсар айылынын тургундары экендиги аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rifle_2
2016-02-18 13:47:20
Эми камакта уурдап жатат бергиле .
Сот эле оорутуп койбосо да .
0
ernist007
2016-02-18 18:54:21
ким экендиги жонундо так малымат айтылбаса ишенич кыйын болуп калды.
0
muras111211
2016-02-19 15:00:59
Колунар менен жасаганды мойнунар менен тарткыла жазасын алышсын.эми темир тор тор артында омурунор отот.
0
Azizbek.94kg
2016-02-24 13:33:43
бул ишинер жакшы эмес.буткул Сумсар аймагын уят эле кылдынар.уурулук кылып жатканда ата эненерди ойлогон жоксунарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан