Чүйдө балдар үйүндө чоңойгон жигит Ысык-Көлдө 10 жыл кулчулукта жүргөнүн айтты

Чүйдөгү балдар үйүндө чоңойгон жигит Ысык-Көлдө 10 жыл кулчулукта жүргөнүн айтты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 18-февраль күнү Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-16-февраль күнү Нарын облусунун аймагында “Селсаяк” операциясы жүрүп, Ысык-Көлдө кулчулукта 10 жыл жүрүп Нарынга качып келген Урмат аттуу бала кармалган.

Анын айтымында, ал Чүй облусунун Красная-Речка айылындагы балдар үйүндө чоңойгон. 5-классында карындашы экөөнү Сыркөз деген ат менен таанылган киши "бала кылып багып алам" деп алып кеткен. Алып кеткенден бери Урмат Арчалуу жайлоосунда ал кишинин малын багып жүргөн. Буга чейин да бир канча жолу качуу аракеттерин жасаган, бирок кармалып калган.

Факт боюнча териштирүүлөр Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң РИИБи тарабынан жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
magbet
2016-02-18 14:56:02
Кордолгон балдар жонундо кундо бирден жанылык уга турган болдук ко.Деги адамдар эмне болуп баратабыз. Кудайым озун сактай кор. Балдар уйу аларды жаны уй булого берген кийин барып кабар алып туруш керек эле да. КАндай жашап жатышат деп. Бироо багып алса эле болду аларды сурап кереги жокпу.
+10
Medina87
2016-02-18 15:27:03
Балдар уйунун кызматкерлери, баланы асыроого кепилдик берген окулчулуктор ушунча жылдан бери неге ал уй-булодон кабардар болгон эмес? Байкуш бала! Кошуна-колондору деле камырабаган адамдар окшойт сурап алаары жок жетим да дешип. Сыркоз атка бекер конбогон, жетимдерди асырамыш болуп онбогон адам окшойт. Байкуш балага жана карындашына тиешелуу органдар тарабынан жардам корсотулсун.
+5
Zolushka89
2016-02-18 15:38:51
Мен Суркөздү тааныйм.
+2
Drongo
2016-02-18 18:11:48
ХХХ ХХХ ХХХ Корсо кордукка чыдай албай качкан жаш бала турбайбы,макаланы окуп тобой чачым тик турду.Карындашынын тагдыры эмне болду,кандай кундо калды?Суперчилер,бул бир туугандардын кийинки жашоосу эмне болот,кабарлап тургулачы,сураныч.
+5
AlbertEnshtein
2016-02-19 01:53:11
Drongo, ошода. Кармалды дейт го. ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-02-19 12:01:48
AlbertEnshtein, Drongo,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан