Бүгүн, 18-февралда саат 12:04тө өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, очогу кыргыз-өзбек чек арасында жайгашып, Кызыл-Жар айылынан 10 чакырым түндүк-батышка, Кербен айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышка, Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым түштүк-батышка, Майлуу-Суу шаарынан 45 чакырым түндүк-батышка, Ош шаарынан 115 чакырым түндүк батышка карай жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Жар айылында 4 баллга, Атана айылында 3,5 баллга, Кум, Семет, Сары-Кашка, Улук айылдарында жана Таш-Көмүр шаарында 3 баллга, Ак-Суу, Кербен, Шамалды-Сай, Ак-Сай айылдарында 2,5 баллга жетти.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, жабыркагандар жок.