Социалдык фонддун аймактык башкармалыктары өткөн жылы мамлекетке ири суммадагы каржылык зыян келтиришкен. Бул боюнча 18-февралда фонддун коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Калмуратов SUPER KG'ге билдирди.
“Биздин фонд коррупциянын алдын алуу максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп турат. Кызматкерлер аймактарга рейддерге жөнөтүлүп, ал жактагы иш кагаздарды текшерип чыгышат. Туура эмес иш-аракеттер болгон болсо, текшерүүлөрдү өз деңгээлинде жүргүзүп, ишти улантуу үчүн күч органдарына жөнөтөбүз”,- деди Калмуратов.
Анын билдиришинче, 2015-жылы Кара-Буура районундагы Социалдык фонддун башкармалыгы да текшерүүгө алынып, катачылык фактылары аныкталган. Ал жактан мамлекетке 5021,2 миң сом каржылык зыян келтирилген. Иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Фонддун Свердлов жана Нарын райондук башкармалыгында катталган фактыдан мамлекетке 3196,7 миң сом каржылык зыян болгон. Иш УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тапшырылган. Фонддун Свердлов райондук башкармалыгынан мамлекетке 511,5 миң сом зыян келтирилген. Фактыны аныктоо үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Андан сырткары Нарын облусунун Ата-Башы районундагы башкармалыгы, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы башкармалыгынан мамлекетке 1153,7 миң сом зыян болгон.
Ишти териштирүү ИИМдин 5-Башкы башкармалыгына жана Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгына өткөрүлүп берилген.