Бишкекте унаанын терезесин сындырып, тумак уурдаган 24 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарында унаа тоноо фактысына шектелип 24 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалды. Бишкек ШИИББинен 18-февралда кабарлашкандай, милицияга арыз менен Амирбек Д. кайрылган. Ал 15-февралдан 16-февралга караган түнү белгисиз адамдар анын Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап 8 миң сомдук норка тумагын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Эрмек М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан