Кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү Жалал-Абад шаарында опузалоо жолу менен 75 миң сом акча каражатын жөнөкөй жарандан алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына Сузак районунун 2 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар 2015-жылдын декабрь айынан баштап анча тааныш эмес адамдар тарабынан “Курсант аттуу адамга 75 миң сом акча карыз экенсиңер” деген коркутууларга кабылганын билдиришкен.
Бул факт боюнча “опузалоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тез чара көрүүчү атайын отряддын (СОБР) кызматкерлери менен биргеликте жана облустук УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда ыкчам тергөө амалдарын жүргүзүшкөн.
“Жыйынтыгында Жалал-Абад шаарындагы унаа оңдоочу жайлардын биринде жабырлануучудан 75 миң сом акча талап кылып жаткан жеринен К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 3 мүчөсү кармалды. Азыркы күндө алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти”,- дешти милициядан.