2016-жылдын 16-февралында Орусиянын Ханты-Мансийск автономиялуу облусунун Нефтеюганск шаарында төрт жашар бала жаракат алып каза болгон. Каза болгон баланын апасы Кыргыз Республикасынын жараны. Орусиялык маалымат каражаттары анын өлүмүнө Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын 16 жаштагы тургуну (тууганы болот) шектелип жатканын жазышууда. Бул факт боюнча Нефтеюганск райондук тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду.