Балыкчыда аскер бөлүгүндөгү эки жоокер октон жаракат алды, биринин абалы оор

Балыкчы шаарындагы №20636-аскер бөлүгүндө аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлер ок атуу боюнча машыгуу учурунда кокустуктан жаракат алышты. SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакуновдун билдиришинче, окуя кокустуктан болгон. Анын айтымында, бир жоокер санынан жаракат алып, ал эми экинчиси башына ок тийип жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ орун алган. Анда ок атуучу куралдарды колдонууда этиятсыздыктан М.Д. аттуу жокердин башына ок тийип, Балыкчы шаарынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми 21 жаштагы И.Б. аттуу жоокер санынан жаракат алган. Учурда алар ооруканада. Биринин абалы оор экени айтылды.

"Бул факт боюнча тиешелүү материалдар чогултулду. Бүгүн тиешелүү мекемеге өткөрүлүп берилмекчи. Учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө",- деди Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
malikam
2016-02-19 10:36:45
автомат кармаганды билбейтда,которуп жургондору учебный болсо.
0
Jigit80
2016-02-19 10:43:56
табышмактуу.Бир учурда эки кокустук.
+4
islamchik
2016-02-19 12:05:16
Jigit80,автомат деген автоматда бир еле убакта канча ок чыгып кеткенин билбей каласын)))
0
Flander
2016-02-19 11:02:46
Өздөрүн өзү атып алып отурса бу армияга ишенич деле жокко.
+1
aselushka
2016-02-19 11:39:01
бири бирин кырмай болдуго.
+1
Zarger59
2016-02-19 14:07:19
Кандай зле озунун башына озу атсын бул жерде башка иш болго.
+1
suimon302010
2016-02-19 14:59:23
Сразу эле кокустук дешет, аскерге жибербейм буйруса баламы,мындайларды угуп журок титирейт,аман эсен жакшы болуп кетишсин ылайым!
+1
konsilium
2016-02-19 18:17:02
Бул чындап эле кокустукпу же атайы кылынган кокустукпу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан