Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 21-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. "Урматтуу мекендештер! Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм! Нооруз адамзатка жаңылануу жана жакшылык тартуулаган майрам. Нооруз – кылымдардан бери сакталып келе жаткан бүткүл элдик майрам. Биздин күндөрдө болсо, Нооруз мамлекеттик майрам катары белгиленет. Улустун улуу Күнү деп аталган бул байыркы майрам биздин ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс руханий мурас катары бизге дайыма алардын акылман осуяттарын, адамгерчилик жана айкөлдүк, боорукердик жана жоомарттык сыяктуу жалпы адамзаттык жана түбөлүктүү баалуулуктарды эсибизге салып турат",- деп башталат куттуктоо. Өкмөт башчы бул майрамда жакшылыктарды тилек кылуу керектигин белгилеп, кыргыз элине бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай, бейпилдик жана токчулук каалады.