18-февраль күнү Баткен облусунун Жаштык аймагындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү жайында Тажикстандын жараны мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалды. Чек ара кызматынан кабарлашкандай, тажик улутундагы адам 19 тонна алюминийди кыргыз чек арасынан өткөрүүнү көздөгөн. Өткөрүүгө анын тиешелүү документтери болгон эмес. Бул аткезчилик жүктүн баасы болжол менен 900 миң сомду түзөт. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам жүгү менен Чек ара кызматынын аймактык кызматкерлерине тапшырылып берилди.