Кадамжайда 140 миң сомго бааланган жер жаңгакты аткезчилик жолу менен алып өтүп жаткан үч кыргыз жараны кармалды

18-февраль күнү Кадамжай районунун Айдаркен чек арасынан 3 кыргыз жараны кармалган. Алардын экөө чек ара режимин бузгандыгы үчүн, бирөө аткезчилик жүктү Өзбекстандан кыргыз өлкөсүнүн аймагына өткөрүп берип жаткандыгы үчүн кармалды. Муну 19-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны Хундай Старекс үлгүсүндөгү унаасы менен Сох анклавынан жер жаңгактарды кыргыз өлкөсүнүн аймагына киргизип жаткан. Текшерүү учурунда анын өздүгүн аныктоочу жана жүктү өткөрүүгө уруксат берилген документтери болгон эмес. Бул жүк болжол менен 140 миң сомго бааланат. Өткөргөн жүгүн ал чогуу иштешкен эки кыргыз жаранына таркатууга берип жаткан. Бул ишке тийиштүү үч жаран тең мыйзамга ылайык айыпка жыгылат. Тийиштүү документтер толтурулуп, жүк Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-02-21 20:49:59
Кыргызстанга кирип жаткан нерсени тийишбегиле, чыгып жатса текшергиле . Канчалаган бензин Тажикстанга кирип жатат, ошолорду кыса бергиле. Карапайым элден колуңарды тарткыла, бир күнү куурап калат каргыш тийип.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан