Бүгүн, 19-февралда Свердлов РИИБинин тергөөчүсүнө 8 миң сом пара берип жаткан саунанын ээси кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук прокуратурасынан билдиришти.
Маалым болгондой, саунанын ээси М.А. тергөөчүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “притондорду сойкулук кызматтарын көрсөтүү үчүн кармоо” беренеси менен жоопкерчиликке тартпашын суранып, 8 миң сом пара берип жатканда кармалды. Азыркы тапта М.А. убактылуу камоочу жайга киргизилди.