Москва шаарынын "Перово" станциясынын жанынан киши колдуу болгон Анарбек Жукушевдин сөөгү кыргыз өлкөсүнө алынып келди. Муну 19-февралда элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 13-февраль күнү Москва шаарынын "Перово" станциясынын жанынан эки кыргыз жаранын мас абалдагы адам бычактап салган. Алардын бири “Тез жардам” кызматкерлеринин унаасынан каза тапкан, экинчиси ооруканага жеткирилген. Бул фактыга шектүү катары славян улутундагы адам кармалып, кылмыш иши козголгон.
Каза болгон баланын сөөгү тийиштүү документтерди чогулткандан кийин мекенине алынып келди. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну экени аныкталган.
Жабыр тарткан экинчи баланын абалы орточо. Азыркы күндө ал Склифосовский атындагы шаардык ооруканада дарыланып жатат.