Жылнаама, 20-февраль: Мындан 28 жыл мурун америкалык ырчы Рианна туулган

* Мындан 26 жыл мурун, 1990-жылы ырчы Даниель Ош шаарында төрөлгөн. Ырга болгон кызыгуусунун артынан Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайына тапшырып, ошол убактан баштап сахнага чыга баштаган. Даниель көпчүлүккө "Садагам", "Айдагы сулуу", "Жашоо" ж.б. ырлары менен белгилүү болгон.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы ИИМдин, УКМКнын, Мамлекеттик мүлк фондунун сайттары кибердик чабуулга кабылып, ага өздөрүн "Clone-Security" деп атаган Өзбекстандын хакерлер тобу байланыштарын калтырган.

* Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы америкалык ырчы Рианна Вест-Индиядагы Барбадос аралында төрөлүп, балалыгы ошол аралда өткөн. Рианнанын толук аты-жөнү - Робин Рианна Фенти. Анын “SOS” деген ыры чыгары менен хит-параддардын алдынкы орундарын ээлеп, түнкү клубдардан, күйөрмандарынын машиналарынан жаңыра баштайт. Ырчынын дал ушул ыры “Nike” компаниясынын жарнамасында жаңырган. Андан көп өтпөй “Music Of The San” деген альбому жарыкка чыгып, миллион нуска менен дүйнө жүзүнө тараган. Аталган альбом ырчынын популярдуулугун бир канча тепкичке көтөргөн. Ал эми экинчи романтикалуу “If Its Loving That You Want” аттуу ыры да хит ырлардын катарынан орун алган. Өзгөчө “You Don’t Love Me No,No,No” деген романтикалуу ыры көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.

* Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы АКШнын Уэст-Уорик шаарынын "Station" клубунда концерт болуп жаткан учурда атылган фейерверктен улам өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 100 киши каза болуп, 230 адам жаракат алган.

20-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Deniza88
2016-02-20 12:52:10
Даниэль красавчик
0
altynka95
2016-02-21 19:18:56
Рианна жаш еле екен го мен аны 40ка чыгып калса керек дедим еле)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан