Жылнаама, 21-февраль: Мындан 70 жыл мурун "Гарри Поттерде" Северус Снеггдин ролун аткарган Алан Рикман туулган

* Мындан 22 жыл мурун, 1994-жылы "Супер сулуу-2011" сынагындагы баш байгенин ээси Айсулуу Өмүралиева төрөлгөн. Айсулуу 3-классынан эле ар кандай сынактарга катышып келген. 2011-жылы Айсулуу Өмүралиева "Супер сулуу" сынагын жеңип, бүтүндөй дүйнө элин укмуштуудай тездикте өнүгүп бара жаткан экономикасы менен таң калтырган Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына барып эс алып келген. Андан сырткары кыргыз жеринде өткөн "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында “Жаңы жүз-2011” деген наамды алса, Москвада өткөн ошол эле "Фэшн Хаус Интернешнл" сынагында “Мыкты модель-2011” деген наамды жеңип, Нью-Йоркко жолдомо алган.

* Мындан 70 жыл мурун, 1946-жылы англиялык актёр, режиссёр, “Алтын глобус”, “Эмми”, BAFTA сыйлыктарынын лауреаты Алан Рикман Лондондо туулган.
Алан Рикман алгачкы жолу Брюс Уиллис менен биргеликте "Крепкий орешек" тасмасына тартылып, ал фильм 1988-жылы экранга чыккан. Ал эми 1992-жылы жарыкка чыккан "Робин Гуд: Принц воров" тасмасындагы аткарган ролу менен Алан терс каармандардын мыкты аткаруучусу экенин далилдей алган. Ал эми эң биринчи оң каармандын ролу 1991-жылы көрсөтүлгөн "Искренне, безумно, сильно" тасмасында берилген. Андан сырткары Алан Рикман Гарри Поттер тууралуу сериалдарда, "Дворецкий", "Парфюмер: История одного убийцы", "Царь горы" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.
Алан Рикман 2016-жылы 14-январда 69 жашында рак оорусунан Лондондо каза болгон.

* Мындан 43 жыл мурун, 1973-жылы Израилдин Аба аскер күчтөрү Синай жарым аралынын асманында ливиялык жүргүнчүлөрдү ташуучу Боинг-727 учагын атып түшүргөн. Натыйжада 108 адам каза болгон.

* Мындан 59 жыл мурун, 1957-жылы “Любэнин” жетекчиси, Орусиянын Эл артисти Николай Расторгуев Москва шаарына жакын жайгашкан Быково шаарчасында Ольга жана Вячеслав Расторгуевдердин үй-бүлөсүндө төрөл­гөн. Жашынан музыкага кызыккан болочок ырчы мектепте гитарада кол ойнотуу жагынан эч кимди алдына чыгарчу эмес. Муну менен катар эле окуу жагын да унутта калтырбаган Николай Расторгуев мектепте жалаң "5" деген баага окуган. Ошол эле учурда кээде сахнага чыгып ырдап да койчу.
Мектепти аяктаган соң Николай жакындарынын берген кеңештери менен Москва технологиялык институтунун жеңил өнөр жай тармагына тапшырат. Ошол кезде эле "Алты жаш адам", "Ырларга салам" деген вокалдык аспаптар ансамблдеринде иштеген. 1989-жылдын 14-январында “Любэ” тобу түзүлгөн. Дал ушул күнү белгилүү композитор жана продюсер Игорь Матвиенко түзгөн топко Расторгуев кошулуп, анын үнү менен эң алгачкы "Батька Махно", "Люберцы" аттуу ырлары жаздырылган. Бул ырлардан кийин эле топтун атактуулукка болгон жолу ачылып, көп­чү­лүктүн көңүл борборунан орун тапкан.

21-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан