Жылнаама, 22-февраль: Мындан 284 жыл мурун АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон туулган

* Мындан 35 жыл мурун, 1981-жылы Күрп-Сай ГЭСи иштей баштаган. Токтогул ГЭСи толук кандуу иштеп баштагандан кийин эле Күрп-Сай ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу 1976-жылы башталган. Биринчи агрегат ишке 1981-жылы киришкен. Бул долбоор Токтогул ГЭСинин долбоорун иштеп чыккан "Гидродолбоор" институту тарабынан даярдалган. Куруучулар бул ГЭС түшө турган аймактагы Нарын дарыясынын агымы өтө жакшы болгондуктан, Күрп-Сайдын да энергия иштеп чыгуусуна толук шарттар бар экенин ошондо эле байкашкан. ГЭС Токтогул ГЭСинен бир аз ылдыйлата жайгашкан. Долбоордук күчү 800 МВт. деп эсептелген. Суу сактагычынын сыйымдуулугу - 370 миллион кубометр. Суунун үстүнүн аянты - 12 км/кв. ГЭСтин таш бетондон салынган тосмосунун бийиктиги - 113 метр. Сейсмикалык туруктуулугу - 9 балл.

* Мындан 284 жыл мурун, 1732-жылы АКШнын туңгуч президенти Жорж Вашингтон Виргинияда төрөлгөн. Анын атасы бай плантатор жана кул ээлөөчү болгон. 11 жашында атасы каза болуп, аталаш агасы Лоуренстен тарбия алган. Билимди үйдөн алган соң өзүнчө окуп билим алганга аракет кылган. Келечектеги кул ээлөөчү болсо дагы, кулчулукка каршы чыккан. 1789-жылы 30-апрелде ал өзүнүн авторитети жана популярдуулугу менен өлкөнүн президенти болуп, 1792-жылы кайрадан төрт жылга президенттикке шайланган. Ал эми 1799-жылы 14-декабрда Жорж Вашингтон 67 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 41 жыл мурун, 1975-жылы Голливуд актрисасы Дрю Бэрримор Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында атасы мас абалында үй-бүлөсүнө кол салып, алардын арасында Дрю дагы мындай кордукту көрүп чоңойгон. Дрюнун кинокарьерасы ымыркай кезинде эле башталган. 9 айлык наристе кезинде жарнамалык түрмөккө тартылган болсо, 2 жашында алгачкы жолу “Неожиданная любовь” киносунда чакан роль жараткан. Беш жылдан кийин ийгилик коштоп, Спилбергдин “Инопланетянин” фильмине тартылуу менен атагы алыска тарап, ушундан кийин “Американын чыныгы супер жылдызы” деген атка конгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы "Түркияда аскердик төңкөрүш даярдаган" деген шек менен армияда кызмат өтөгөн жана отставкадагы 50гө жакын жогорку чиндеги аскер кызматкерлери камакка алынышкан. Түрк прокурорунун маалыматында, аталган офицерлер “Балка” деген аталыштагы төңкөрүш планы боюнча өлкөдө жардырууларды уюштуруп, жоопкерчиликти исламчыл фундаменталисттерге оодарышмак. Мындан улам исламга ыктаган бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы менен Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактаган түрк армиясынын ортосунда тирешүү курчуган.

22-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-02-21 22:54:15
Inna качан торолгон
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан