Ноорузга карата Бишкекте көк бөрү оюнунун финалдык таймашы өттү

Бүгүн, 21-март - Нооруз майрамына карата Бишкектеги "Аккула" ат майданында буга чейин болуп келген көк бөрү оюнунун финалдык таймашы болуп өттү. Анда Таластын “Талас” жана Ысык-Көлдүн “Кабылан” командалары ат салышып, жыйынтыгында баш байгеге коюлган 250 миң сомду “Кабылан” командасы илип кетти. 2-орунду ээлеген “Талас” командасына 175 миң сом берилсе, 3-орунду багынткан “Суусамыр” командасына 120 миң сом ыйгарылды. Жеңген команданын башчысы Тилек Урмамбетов мындай дейт: "Оюн абдан жакшы болду. Негизи, улактын салмагы 33 килограмм болушу керек болсо, бул жолку оюнда анын салмагы 37 килограмм болду. Бирок ага карабай, командабыз ынтымактуу болгондуктан, ийгиликке жетишип отурабыз. Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктайм". Айта кетсек, бул оюн 17-марттан бери уланууда.

Көк бөрү оюнунун финалдык таймашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kemel
2013-03-21 21:19:10
Силер менен сыймыктанам Тилек байкенин командасы, дайым алдыда болгула. Кемел Жон-Арыктан
0
Usubaly
2013-03-22 00:48:48
видоесу болсо жуктоп койгулачы,сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан