Чүй облусунун Аламүдүн районунда оор кылмышка шектелип Байтик айылынын 27 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү жаран "айылдашын өлтүргөн" деп айыпталууда. Милицияга 19-февралда Байтик айылынын 63 жаштагы тургуну кайрылып, 25 жаштагы уулунун өлүмүнө шектүү жаранды кармоо өтүнүчү менен арыз жазган. Көп өтпөй шектүү жаран кармалып, учурда тергөө жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмыш спирт ичимдигинин айынан болгон. Эки айылдаш ичип отурушуп урушуп кетишкен, улуусу шеригин сабап салган. Жабырлануучу №4-шаардык ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.
Шектүү жаран учурда Аламүдүн РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.