18-мартта Жалал-Абад облусунда 1969-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран 42 килограмм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, аталган өлчөмдөгү баңгизат шектүү адамдын үйүн тинтүүгө алган учурда табылган. Мындан сырткары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кайырма айылынын 1989-жылы туулган Л.П. аттуу тургунунан 14 килограмм баңгизат табылды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери улантылып жатканы айтылды.