Ош. Ошто көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн, 21-мартта Ош шаардык ат майданында 3 күн мурда башталган көк бөрү оюнунун финалдык таймашы болду. Ага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Ош облусунун жетекчиси Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Мелдеште 1-орунду Ош облусунун улакчылары ээлешсе, 2-орунду Баткен, 3-орунду Жалал-Абад облусунан келген көк бөрүчүлөр алышты. Жеңүүчүлөр акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын алкагында кыз куумай, эр эңиш, кунан чабыш, жорго салыш оюндары да орун алды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aelita_osh
2013-03-23 12:07:48
Оо, укмуш болгон го!
0
askar92
2013-03-23 14:40:59
видеосун жуктоп койсонор коройлу
0
admin_media
2013-03-25 12:12:29
askar92,
Тилекке каршы видеосу жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан