Кытайда 55 жаштагы психикалык жактан жабыркаган киши 10 жыл ичинде 7 кабаттуу мунара курган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Шаньдун провинциясынын жашоочусу Ху Гуанчжоу бул мунараны өзүнүн эки агасы үчүн тургузган. Тилекке каршы, алар акыркы 10 жыл аралыгында каза болуп калышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Хуга бир нече ирет агалары тирүү эместигин айтышкан, бирок улгайып калган куруучу аларга ишенген эмес.
Ху Гуанчжоу өзүнүн 7 кабаттуу мунарасын чоподон, таштардан жана тапкан курулуш материалдарынан курган. Бул курулуштун коопсуздугу суроо жаратканы менен, бийлик өкүлдөрү аны сүрдүрүп салууга колдору барбай турганы белгилүү. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул курулушту белгилүү анимедеги үйгө окшоштурушкан.
Аталган кишини социалдык кызматкерлер карылар үйүнө жаткырууга аракет жасашкан, бирок ал баш ийбей койгон. Учурда Ху Гуанчжоу мамлекет тарабынан жөлөк пул алат жана жакын жайгашкан дүкөн ага ысык таттуу нанды бекер берет.