Сириядагы жардыруулардан 100дөй адам мерт болуп, 200гө жакын адам жабыркады

Сирияда кечээ, 21-февралда орун алган жардыруулардан 100гө жакын адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Сириянын борбор калаасы Дамаск жана Хомс шаарында орун алган жардыруулардан жабыркагандардын саны болжол менен 200гө жетти. Алгачкы эки жардыруу Хомс шаарында болуп, бир нече сааттан кийин 4 жардыруу Дамасктын айланасында орун алган. Алгачкы жардырууга күбө болгондордун айтымына караганда, жарылуучу зат унаага коюлган, жардыруу катуу болгондуктан, унаа 15-20 метр бийиктикке учуп барып кайра түшкөн. Жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Inna_91
2016-02-22 12:48:42
Мусулмандарга адам олтуруу куноого а булар олоху акбар деп адам олтурушот ислам да куноо болотко
+1
bazar
2016-02-22 13:04:37
Inna_91,Кылган күнөөсүнөн орозо кармап, беш убак намаз окуп кутулушат
+1
kanykey125
2016-02-22 16:59:06
Ээ кудайга тообо! жардыруу жанылык болбой калган сыяктуу..качан бейпил тынч жашоо болот?
0
Ayida
2016-02-22 18:19:47
Азыркы мезгилдеда интернетте кун тун отуруп ким мусулман ким террорист экенин билбегендерге тан каламда.Ким айтты силерге намаз окуп орозо кармап кутулат деп?Мусулманмын деп кейпин кийип алып жардырып атат алар нак адашкандар.Мусулман андай иш эмес даже жолдогу кусурскага залал бербейт. 24 саат кунуго интернетте эмне кылып отурасынар ушуну тактап албай?Чубак ажы какшап айтып атат укпайсынарбы?Кайдагы керексиз уят нерселерди коруп Чубак ажыны корбойсунорда силер мусулман эмессинерби силер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан