Борбор калаада унаа уурдоо фактысына шектелип селсаяк кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү милицияга арыз менен Бишкек шаарынын К.В. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын үйүнүн алдында токтоп турган БМВ-525 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Орусиянын жараны болгон, борбор калаада туруктуу жашаган жайы жок Х.А. аттуу адам кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.