Бишкектеги Бөкөнбаев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан имараттын 4-кабатынан адам кулап түштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 19-февралда саат 11:50 чамасында болгон. Жабырлануучу Кант шаарынын М.М. аттуу тургуну экени аныкталды. Ал иштеп жатып кокусунан жерге кулап кеткен. 4-шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, ага медициналык тез жардам көрсөтүлгөн. Анын ээги, чекесинин сөөгү, эки бутунун согончок сөөктөрү сынганы белгилүү болду. Учурда окуянын жагдайы такталууда. Бул факт Ленин райондук милициясында катталды.