Бишкекте мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү фактысына шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү милицияга "Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган унаада белгисиз үлгүдөгү тапанча жатат" деген маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери Хонда Эдикс үлгүсүндөгү унаанын ичинен Форт 12-Р үлгүсүндөгү травматикалык тапанча табышкан. Бул факт боюнча Г.А. аттуу шаар тургуну кармалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.