Кытайда маңзат менен кармалып өлүм жазасына тартылган аялдын сөөгү мекенине алынып келинип, уулуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда SUPER.KG порталына тийиштүү министрликтен маалымдашты.
Өлүм жазасына 4-февралда тартылган С.Кулбаеванын сөөгү 20-февраль күнү кечинде Үрүмчү-Бишкек аба каттамы аркылуу алынып келген. Анын сөөгүн "Манас" аэропортунан уулу жана жакын туугандары алып кетишти.
Айта кетсек, Ош шаарынан Кытайга учкан аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарындагы аэропорттон сумкасындагы 7 килограммдан ашуун маңзат менен кармалган эле. Андан кийин соттун чечими менен ал өлүм жазасына тартылган.