Бир апта мурун башталган Чүй облусундагы ИИБинин кызматкерлери арасындагы волейбол мелдеши 21-мартта соңуна чыкты. Анда Чүй ОИИБинин Көзөмөл күзөт кызматынын кызматкерлери 1-орунду ээлесе, 2-орунга Сокулук РИИБинин кызматкерлери татыктуу болушту. Ал эми 3-орун Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлерине тийди. Жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылды.