Ысык-Көлдө күйөөсү аялын отургучтун буту менен башка чаап өлтүрүп, андан кийин өзү асынып алды

Ысык-Көл облусунда күйөөсү аялын отургучтун буту менен башка чаап өлтүрүп, андан кийин өзү асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү саат 09:30 чамасында Түп райондук ички иштер башкармалыгына Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен 40 жаштагы күйөөсүнүн жана 32 жаштагы аялынын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 32 жаштагы К.Заринанын башында көптөгөн жаракаттар бар экенин аныкташкан. Далил буюм катары канга боёлгон отургучтун жыгач буту табылган. Үйдүн короосундагы сарайдын ичинен 40 жаштагы А.Мирландын асынган денеси табылган. Анын жанынан "20-февраль күнү Зарина мас абалда келген, экөөбүздүн ортобузда уруш чыкты. Мен ачууланып аны бир нече жолу отургучтун буту менен башка чаап, өлтүрүп алдым. Кылганыма өкүнүп, өз жанымды кыйганга бардым" деп жазылган кат табылган.

Каза болгон күйөөсү менен аялынын ортосунда 13 жаштагы уулу жана 7 жаштагы эгиз кыздары калды. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
AiBoru
2016-02-22 12:19:38
Байкуш, чиедей балдар жетим калган тура. Армааан дуйно
+8
nur0077
2016-02-22 13:23:44
AiBoru,туура,чиедей балдарга ото кыйын болуптур.
+3
perichte
2016-02-22 12:25:56
Айрыкча энелер ичпегилечи!!!
+7
Inna_91
2016-02-22 12:30:23
Арак жакшылыкка алып барбайт
+6
STAN_KG
2016-02-22 13:17:30
Арактын кулу болгондор кээде акыл үйрөткөнү тажатат. Өзүн-өзү башкара албай жашоодо пайдасыз убакыт өткөрүп жүргөндөр бай адамдардын арасында да бар! Баары бул туура эмес тарбиянын кесепети, балдарды эркин койуу жана каалаганын жасап берүү туура эмес, үйдө көзөмөл жана тыйуу болушу керек.
+2
samidinova84
2016-02-22 13:24:55
Кудай сактасын ушундай жаман олумдон.
+5
Chika78
2016-02-22 14:48:55
Арактын айынан болуптур да,эри ачууга алдырыптыр,кандай балдарын ойлободу экен.Тушунбойсун жашы деле40та экен жаш эмес,жашоо м-н ойногудай.Кудай кечирсин куноосун
+3
Kroxa
2016-02-22 16:53:42
Чиедей кыздарын ойлошпогонун кара арактын акыры эмнеге барат....
+1
dubai
2016-02-22 22:57:52
арак ичилгени факт эмес!бул коптон бери созулуп келе жаткан уруш жек корууго айланып акыры олум менен бутушу мумкун,же болбосо баягы эле кызганыч..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан