19-20-февраль күндөрү Жалал-Абад облусунда милиция "Көпөлөк" аттуу рейд жүргүздү. Бул тууралуу облустук ИИБдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө 5 кылмыштын бети ачылды: адам өлтүрүү - 1 факт, адам саламаттыгына зыян келтирүү - 1 факт, уурулук - 2 факт, мал уурдоо - 1 факт. "Мындан тышкары баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан топтун бир активдүү мүчөсү кармалды жана жыныстык кызмат көрсөткөн жай табылды. Бул сойкукана Жалал-Абад шаарынын Строительная көчөсүндө жайгашкан. Анын ээси деп 1961-жылы туулган У.К. аттуу жаран кармалды",- деп айтылат маалыматта.