Бишкекте "эки адамды бычактап, алардын бирин өлтүргөн" деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды

Борбор калаада "эки адамды бычактап, алардын бирин өлтүргөн" деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү саат 06:24 чамасында Свердлов РИИБине билдирүү түшкөн. Анда Улуттук хирургия борборуна бычактан жаракат алган 38 жаштагы Б.Н. аттуу киши алынып келгени айтылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери үйдүн ичинен Ж.Р. аттуу адамдын жансыз денесин табышкан. Ал бычактан алган жаракатынан улам көз жумгандыгы белгилүү болгон. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.А. кармалган. Ал өз сөзүндө үчөө арак ичип отуруп урушуп, бычакташа кеткенин айткан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_2
2016-02-22 23:03:29
Мына жашоо.
Арак арам , арам, арам десе болбой ичишет. Же төшөккө жарабайт, же жакшы ишке жарабайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан