Түркияда кытай улутундагы адамдын 88 миң долларын уурдоого шектүү катары эки кыргыз жараны кармалды

Түркиянын Стамбул шаарында эки кыргыз бала "кытай улутундагы адамдын 88 миң долларын уурдаган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 22-февралда Түркиянын маалымат каражаттары жазышууда.

Анда айтылгандай, Стамбул шаарынын укук коргоочуларына кытай улутундагы В.М. кайрылган. Анын айтымында, унаасына отуруп жаткан маалда белгисиз эки адам келип, анын 261 миң түрк лирасын (88 миң доллар) тартып алышкан. Окуя болгон жерде байкоочу камералар болгондуктан, тоноочулук фактысы камерага жазылып калган. Бул кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын А.М. жана Р.З. аттуу жарандары кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Түркияда кытай жаранынын 88 миң долларын кыргыздар уурдады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
uragan007
2016-02-22 13:34:53
Крутой уурулар го. 80 мин доллар
0
STAN_KG
2016-02-22 13:38:13
uragan007, Акылы жок уурулар десең, уурунун жолу кууш болот. Акыры эң жаман окуялар менен аяктап калышы ыктымал, кудайга тообо кылып ак эмгек менен иштеп тапкан нан таттуу болот.
+4
Mars55
2016-02-22 13:47:23
Күнөөлүү адам жазасын алсын.
0
aselushka
2016-02-22 13:59:43
ууру акчанын коломуно карабайт ынгайы келсе он сомду да уруп коёт же млн долларды да. кээ бири кочодон тапкан бир сомду алыштанда коркот себеби ал учунда сурак беребиз
+3
Inna_91
2016-02-22 14:14:47
Кыргыздар
+1
KG-Oligarh
2016-02-22 15:05:36
Ошол жерде да жон журбойт экен да Кыргыз деген атты булгап
0
aziziko
2016-02-22 17:03:36
Кыргыздар жон олбой калышты го
0
KGstan81
2016-02-22 17:48:53
ошондой видео камераларды Бишкекте кобурак орнотушса кылмышкерлерди онойурак табышат эле.
0
Lintel
2016-02-22 18:43:50
так кыргыз жигит экени бтлтнбейт экенго бул жон эле божомол. Же ушул балдар урдаганы далили бар бекен.
0
anyuta
2016-02-22 21:43:53
Уурдаган уйгур(dogu turkistanlı) урдаткан кытай деп кабарларда айтып жатышкан. Кыргыз болгондо айтмак КР гражданы деп.
+1
isko-nookat
2016-02-22 23:17:47
стамбулда ар бир кадамында камера бар..акчаны алып ошол куну учуп кетсен жетишип каласын.!туркияда калуу вариянт эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан