"Журналист Турат Акимовдун ички иштер министри Мелис Турганбаевге карата айыптоосу негизсиз",- деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге. Анын пикиринде, журналисттин айткандары калп. “Турат Акимов өзү билимдүү, илимдүү адам. Эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү берип жатканы таң калтырып жатат. Бул айыптоосу акылга сыйбаган нерсе деп айтат элем”,- деди ал.
20-февралга караган түнү журналист Турат Акимовду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айтууда.