Бишкекте №12-бала бакчанын жетекчиси ата-энеден 12 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү

Бишкектин №12-бала бакчанын жетекчисине карата "пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февралда Свердлов райондук прокуратурасына шаар тургуну кайрылып, аталган бала бакчанын жетекчиси баланы кабыл алуу үчүн 12 миң сом пара талап кылганына арызданган. Ошол эле күнү прокуратуранын кызматкерлери ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө 12 миң сом пара алып жаткан жеринен №12-бала бакчанын жетекчисин кармашкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
erboenyka
2016-02-22 16:12:29
Балабакчага пара бербей киргендерди угалекмин.Ар бир баладан алышат.Мынтип атайлап карматканкандар 1000ден бирооле болсо керек,калгандарыбыз балдарыбыз эптеп кирсин балабакчага деп сураганын бере салабыз
+7
bazar
2016-02-22 16:12:36
Дагы жакшы №12 бала бакча экен. Эгер № 50 чү бала бакча болсо эмне болмок...
-1
amanatym
2016-02-22 16:20:11
баары элн бнришет да бербесен алышпайт
+5
kokokola
2016-02-22 16:54:30
ооба да кээбир акылдуу жетекчилер садике жардам деп ата энелердин оздорун арыз (оз каалом мн берип жатам деп)турундо жаздырып алышат. биздин садиктин жетекчиси коп жылдан бери ошентип алат балдарды.
+1
janka7
2016-02-22 18:23:03
ооо биз жактагы бала бакчаны текшерсе эртен эле директор ишинен айдалат эле
+2
elli_88
2016-02-23 10:14:11
Бут эле садиктер алат экен.. Ата энелер карматып жиберсе болотда....
0
magbet
2016-02-23 12:55:29
мен деле эки баламды акча менен киргизгенмин. азыр акча бербесен албайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан