Төрт адамды Лексус унаасы менен сүзүп кетип, кайра травматикалык тапанча менен ок чыгарган адам кармалды

Курманжан датка менен Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп, өзү унаасына жашынып алып ок чыгарган 55 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу 22-февралда Жол-кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 21-февраль күнү болжол менен саат 11:30да Лексус-330 үлгүсүндөгү унаасы менен 55 жаштагы адам жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп алган. Андан соң элдин чуулдап көбөйүп кеткенинен улам унаасынын ичинен газ-травматикалык тапанчасы менен ок чыгарган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда тапанчасы менен ага тийиштүү документтерин өткөрүп берген. Кырсык болгон жерден 35, 36 жаштагы эки аял жана 36, 43 жаштагы эки эркек киши жабыр тартып, ар түрдүү жаракаттары менен 4-шаардык ооруканага кайрылышкан. Учурда тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
konsilium
2016-02-22 15:32:59
Оо бул киши каттуу копконго ээ.
+6
Rifle_2
2016-02-22 22:49:25
Аткан огу кайып өзүнө тийсе да сооп боло тургандай экен
+1
Tasma84
2016-02-23 11:02:38
konsilium,Бизде мыйзам иштебегендиктен ар кандай урой учурган окуялар болуп атат
0
Akshumkar
2016-02-22 16:11:46
Мындайларды ХХХ ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2016-02-22 16:45:29
Akshumkar - акыркы эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
+1
TEH
2016-02-22 16:12:29
Обу жок неме го
+3
Rifle_2
2016-02-22 22:49:40
TEH,обу бар, мээси жок.
0
nurkasym-2014
2016-02-22 16:32:31
Негизи биздин мамлекетте копкондор кобойуп баратат окшойт. Анткени бизде чиновниктер ого эле коп.Алардын аркасында эми кыргыздын таеке жээн дагы туугандары кырса тугонгус болот эмеспи.
+3
bond0202
2016-02-22 16:41:05
биздикилер лексус минип алса озун башкача сезип калышат
+1
Rifle_2
2016-02-22 22:49:58
Бир аз акылынан азыр калышабы ?
0
Kroxa
2016-02-22 16:47:47
Жакшы жанылык укпай калдыкго...
+1
misster88
2016-02-22 17:02:45
Ушуга окшогондорго каттуурак жаза колдонуш керек.
+2
nur0077
2016-02-22 17:07:34
Мындай Лексус минип колунан тапанчасын тушурбогон адамдарды Баткенге чек ара кайтартыш керек.Лексусу менен Олкобуздун чегин коз карегиндей кайтарсын!
+5
Rifle_2
2016-02-22 22:51:10
Тажиктер энесин окутат мындайлардын. Булар машинанын жанында гана кыйын болот. Четке чыкканда ч..ар жери саманкана болот.
0
malywKG
2016-02-22 18:25:00
ХХХ ХХХ бул
0
admin_portal
2016-02-22 18:28:11
malywKG - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
meky85
2016-02-22 21:31:51
Жаратканым ыйман берсин баарыбызга
0
bah_tee
2016-02-27 19:28:28
Шорун кургур биздин милицияга ишенич жокко эотен эле чыгып кетет же сот болот анан журогу ооруйт экен деп уй камагын чыгарат анан сот ишин 1.. 2 жыл созуп ошол менен ал иш унутулуп кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан