Кыргызстандагы ЖОЖдордо окутулган алдынкы адистиктердин рейтинги аныкталды

Кыргызстанда алдынкы адистиктердин рейтинги аныкталды. Бул тууралуу Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борборунун 2012-жылдагы отчётунда жазылган. Рейтинг республикадагы ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алуунун негизинде түзүлгөн. Белгилүү болгондой, келишимдик негизде окутууда экономика, юриспруденция, менеджмент, дарылоо иши, эл аралык мамилелер, филология, каржы жана насыя, стоматология, бухгалтердик эсеп адистиктери тизменин алдынкы ондугунда турат. Ал эми бюджеттик орундарда окутулган адистиктердин арасында алдынкы үчилтикке филология, дарылоо иши жана педагогика адистиктери кирген. Андан кийинки тизмеде укук коргоо ишмердүүлүгү, социалдык иш, англис тили, педиатрия, электр энергетикасы жана электр техникасы, биология, математика адистиктери турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан