Борбордо "дүкөнчүнү коркутуп, ичимдик алып кеткен" деген шек менен шаар тургуну кармалды

Борбордо "дүкөнчүнү коркутуп, ичимдик алып кеткен" деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февраль күнү саат 13:00 чамасында милицияга "Туңгуч кичи районунда белгисиз адам дүкөнчүнү коркутуп, 985 сомдук алкоголдук ичимдикти алып кетти" деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган аймактык тескөөчүлөр тарабынан кылмышка шектүү катары 32 жаштагы О.Нарынбек кармалган. Аны кармоо учурунда ал милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, биринин кийип жүргөн кызматтык формасындагы погонун жулуп, жакалаганга чейин барган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан