Тоноо фактысына шектүү катары Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү милицияга арыз менен И.А. аттуу аял кайрылган. Анда ал борбордогу көчөлөрдүн биринен саат 00:30 чамасында белгисиз эки жигит күч колдонуу менен колундагы сумкасын жулуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Ы.Б. жана Ж.М. аттуу шаардын эки тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.