Бүгүн, 21-мартта Кыргызстандын футбол курама командасы АФКнын тандап алуу оюндарынын финалдык баскычына чыгышты. Айта кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия футбол конфедерациясынын Чакырык Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы беттешүүдө кыргызстандык команда Тажикстандын футбол курама командасын 1:0 эсебинде утту. Атаандашынын дарбазасына топту оюндун 40-мүнөтүндө Дэвид Тетте киргизди.