Бишкекте “зордуктоого аракет кылган” деген шек менен кыздын мурунку жигити жана досу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Б.Л. аттуу кыз кайрылган. Анда ал 21-февраль күнү саат 00:00 чамасында анын мурунку жигити жана досу күч колдонуу менен үйлөрдүн биринен аны зордуктоого аракеттенгенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы К.К. жана 27 жаштагы Б.Р. аттуу жарандар кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.