* Мындан 66 жыл мурун, 1950-жылы Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын лауреаты, II жана III даражадагы Манас орденинин ээси Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында жол кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. 1968-жылы мектепти, ал эми 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин (ал кезде филология факультетинин журналистика бөлүмүн) аяктаган.
1980-жылдан тартып Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде кабарчы, облустук Телерадио уктуруу комитетинде редактор болгон. Ал эми 1983-1990-жылдары Кыргыз улуттук филармониясында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 1990-1996-жылдары "Ала-Тоо" журналынын бөлүм редактору, "Кыргызстан маданияты" гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеген. 2011-жылы акындын чыгармачылыгына арналган "Отко чуркаган бала" даректүү тасмасы тартылган (режиссёру - Бакытбек Турдубаев).
Шайлообек Дүйшеев 2006-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамын алып, 2010-жылы декабрда III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Ошондой эле 2012-жылы "Эки дөөнүн күрөшү" чыгармасы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Ал эми 2016-жылдын башында II даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
* Мындан 43 жыл мурун, 1973-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти жана Эл артисти Роза Аманова Токтогул районунун Токтогул шаарында туулган. 1991-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, 1997-жылы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. 1998-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториясынын казак музыкасы жана дүйнөлүк музыканы изилдөө кафедрасына аспирантурага кабыл алынган. 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын окутуучусу, 2004-жылы өзү уюштурган Салттуу музыка борборунун жетекчиси, 2008-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде доцент болуп иштеп келген. 2006-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты болуп, Р.Аманова 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына татыктуу болгон. Ал "Мен сени сагынгым келет", "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" сыяктуу обондордун автору. "Курманбек", "Олжобай менен Кишимжан" аттуу эпосторду айткан дастанчы.
* Мындан 62 жыл мурун, 1954-жылы Украинанын 3-президенти, мамлекеттик жана саясий ишмер Виктор Ющенко мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы англис тилинен сабак берсе, апасы физика жана математика мугалими болгон. Виктор Ющенко 1975-жылы Финансы-экономика институтун аяктап, экономика илимдеринин кандидаты болгон. Бала кезинен бери тарыхый мааниси бар эски буюмдарды коллекция кылып келген. Живописке да кызыгуусу болгон. 2005-жылы Украинадагы революциядан кийин өлкөнүн президенти болуп шайланып, 2010-жылдын 25-февралына чейин иштеген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында 22-Кышкы Олимпиада оюндарынын жабылыш аземи өткөн. Салтанаттуу иш-чара Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах жана Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда болгон. 1000 адамдын аткаруусунда Орусиянын гимни жаңырып, андан кийин мелдешке катышкан 80 мамлекеттин бардык спортчулары ортого чакырылган. Анын ичинде Евгений Тимофеев да өлкөбүздүн желегин көтөрүп чыккан. Командалык эсепте Орусия 13 алтын медаль менен 1-орунду алып кеткен. Ал эми 2018-жылы Кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореяда өтөрү белгилүү болгон.
23-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.