Бишкекте 2 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 23-февралда саат 9:30 чамасында Бишкек шаарынын Фрунзе жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ВАЗ 21099 жана Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бактыга жараша, кырсыктан катуу жабыркагандар жок. Жигулинин айдоочусу башынан жеңил жаракат алды. Фольксвагендин айдоочусу Азамат Муктарбеков жол кырсыгынын болушуна Жигулинин айдоочусу себепкер экенин айтууда.

“Фрунзе көчөсү менен күн чыгыш тарапка кетип бараткам. Аңгыча эле Исанов көчөсүнө жете бербей Жигули жол эрежесин бузуп алдымдан чыга калды. Азыр айдоочу “унааңарды оңдотуп берем” деп жатат",- деди Муктарбеков. Эки айдоочу тең МАИ кызматкерлерин чакырбай, өз ара чечишип алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан