Билимди жана окутуу усулдарын баалоо борбору Кыргызстандагы ЖОЖдордун 2012-жылдагы рейтингин аныктады. Өлкөдөгү 40 университеттин ичинен абитуриенттердин окуу жайга тапшыруудагы саны боюнча эң популярдуусу болуп Ош мамлекеттик университети 1-орунга чыкты. Ал эми 2-орунга Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети татыса, 3-орунду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ээледи. Ошондой эле 4-орунду Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, 5-орунду К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети алды.