Окуучулар жана студенттер арасында "Акчаны акылдуулук менен топтоңуз!" аттуу сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынак жарыяланды

Окуучулар жана студенттер арасында "Акчаны акылдуулук менен топтоңуз!" аттуу сүрөттөр, видеотасмалар жана эсселер боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда уюштуруучулар билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара Улуттук банк, жарандык коомдук уюмдар, коммерциялык банктар жана эл аралык уюмдар тарабынан демилгеленди.

Сынактар "Эл аралык акча апталыгы-2016нын" алкагында өткөрүлөт. Бул – ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү каржылык келечек үчүн жаңы муундун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жылдык иш-чаралар топтому.

Сынак каржылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга, акчаны башкара билүүнү үйрөнүү зарылчылыгына, алдыга максат коюп, келечекке пландарды иштеп чыгууга өспүрүмдөрдүн жана жаштардын көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baymat
2016-02-23 12:29:54
Бул туралуу кайдан толук маалымат ала алабыз
0
student-95
2016-02-23 13:53:13
сынак качанга чейин иштейт экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан