22-февралда "Манас” Эл аралык аэропортунан паспортундагы барактын ордуна башка баракты жабыштырып, чет өлкөгө кетүүгө аракет жасаган аял кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрүүчү жайдын чек арачылары Бишкек-Дубай каттамы менен учууга аракет жасаган 33 жаштагы Л.С. аттуу аялдын жалпы жарандык паспортунан жасалма белгилерди байкашкан. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган аял Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.