Чүй облусунда 42 жаштагы 4 баланын энеси өз үйүндө асынып алды

Чүй облусунда 4 баланын энеси өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 17-февраль күнү Москва районуна караштуу Калинин айылында болгон. Анда аталган айылдагы үйлөрдүн биринен өз үйүнүн 2-кабатка чыга турган тепкичинин алдынан жипке асынган 42 жаштагы Т.Б. табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери асынып алган эненин денесинен эч кандай жаракаттарды тапкан эмес. Маркумдун күйөөсү эч кандай дооматы жок экенин айтып, жубайынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага жиберүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
isnur93
2016-02-23 14:08:12
Кудай сактасын,эмне себеп болдукен?
+5
Inna_91
2016-02-23 14:21:50
Балдарынын келечегин ойлободуву
+3
Medina87
2016-02-23 15:10:06
Суд.медэкпертке беруу керек эле. Кантип эле балдарын кыйсын эне?
+1
Svoboda83
2016-02-24 00:55:13
Жолдошу эмнеге экспертизага каршы болду балким жолдошу менен урушуп калгандыр
-2
incognito1
2016-02-24 03:38:29
Эртен жерге бергенден кийин, маркумдун туугандары кайра кастырып,экспертизага жиберебиз деп ызы чуу болушпаса эле болду! Арты кайрылуу болсун!
0
perichte
2016-02-24 09:48:52
туугандары жок бекен...окунучтуу окуя болуптуркудай озу сактасын.
0
89elnura89
2016-02-24 18:24:44
Балдары баркен, озуно озу кас болуп не себеп болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан