Ошто 16 жаштагы баланын асынып алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы мектеп окуучусунун өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-февраль күнү саат 19:00 чамасында Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Мээркан айылында болгон. Анда үйүнө келген 16 жаштагы Ж. аттуу окуучу короодогу сарайга кирип асынып алган. Учурда окуучунун өз өмүрүн кыюуга эмне себеп болгондугу аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Inna_91
2016-02-23 14:24:01
Жаш эле кетиптирда он гулу ачыла элек
0
89elnura89
2016-02-25 01:29:59
Оюндан башка эч нерсени билбей турган кулгун жаш курагында омурун кыйууга эмне себеп болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан